Бул тууралуу Еврокомиссиянын төрагасы Жозе Мануэль Баррозу Ирактын өкмөт башчысы Нур аль Малики менен Брюсселдеги сүйлөшүүлөрдөн кийин билдирди. Баррозу ошондой эле демократия жана мыйзамдуулук өкүм сүрө турган Ирактын өнүгүүсүнө Европа Биримдиги өз салымын кошууга даярдыгын белгилеген. Нур аль Малики өз кезегинде Ирактагы террордук топтордун жеңилүүгө учурарына ишенерин билдирген.