Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:43

МИТИНГ ӨТКӨРҮҮ УКУГУ ЧЕКТЕЛСЕ, АНЫК ДИКТАТУРА ОРНОЙБУ?


“Тынч жыйындарды жана митинг-пикеттерди --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/human_rights/ky/2008/04/7AC4E3F1-878B-4C6F-802D-7C6A0D2AB477.asp өткөрүү боюнча катаалдаштырылган мыйзам долбоору Жогорку Кеңеште көпчүлүк добуш менен өтүп кетет”, - деп чочулаган айрым жарандык коомдун өкүлдөрү, коомчулукту мындайга жол бербөөгө чакырышууда. Депутат Исхак Масалиев өзү иштеп чыккан бул мыйзам долбоору тынч жашоону каалаган көпчүлүктүн укуктарын эске алуу менен жазылганын айтса, оппозиция жээгиндеги саясатчылар бийлик муну менен биротоло диктатура орнотуу ниетин билдиргенен айтышууда. Алардын айтымында, Жогорку Кеңеште Бишкек шаардык кеңешинин токтомунан да катаал шарттар коюлган мындай мыйзам кабыл алына турган болсо 2005-жылдагы окуялар кайталанып кетиши ыктымал.

Ансыз да Бишкек шаардык кеңеши чектеп койгон тынч митингдерди өткөрүү укугу катаалдаса, коомчулукта нааразычылыктар күчөп, 2005-жылдагыдай окуялар кайталанып кетиши мүмкүн дешет айрым серепчилер. Саясат талдоочулардын пикиринде, демократиялык өлкөлөрдө митинг-пикеттерди өткөрүү укугу чектелбейт. Андыктан Кыргызстанда андай иш-чаралардын чектелиши өлкөнүн катаал авторитардык режимге баш койгонун айгинелеп турат.

Бул мыйзам долбоордун автору Исхак Масалиев, кайсы бир топ митинг өткөргөн чакта башка жарандардын укуктары бузулбасын үчүн ушундай долбоор даярдалганын айтууда:

-Бүгүнкү күнү Баш мыйзамга, башка мыйзамдарга ылайык ар бир жаран акция өткөргөнгө, чогулганга толук укугу бар. Бирок ошол жыйын өткөрүп атканда, митинг-жүрүштөр болгондо башка жарандардын да укугу бузулбасын деген максатта ушул долбоор иштелип чыкты. Жашырбай эле айтам, бул жерде бир топ чектөөлөрдү сунуш кылып атам.

“Коомчулук өз үнүн айтканга акылуу”

Бир катар жарандык коомчулуктун өкүлдөрү бул мыйзам долбоор парламентте өткөн чакта да баш ийбей тургандыктарын, эң оболу ал адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга жооп бербесин айтышууда. “Ачык позиция” коомдук фондунун жетекчиси Алмаз Эсенгелдиев мындай дейт:

-Бул сыяктуу мыйзам долбоорлорду кабыл алардан мурда, аны иштеп чыккандар “ушул долбоор адам укуктары боюнча эл аралык стандарттарга жооп береби?” деген суроого жооп берүүлөрү керек. Эгер жооп бербей турган болсо аны кабыл албоо керек. Анткени бул өтө маанилүү мыйзам долбоор, ал абдан олуттуу мамилени талап кылат.

“Эр айдоочу” бейөкмөт уюмунун жетекчиси Качкын Булатов, жарандык коом мындай чектөөлөргө эч качан макул болбосун, Кыргызстандын жерлери коңшу мамлекеттерге берилип, стратегиялык объекттер сатылып жаткан чакта коомчулук жөн отурбасын айтат:

-Мына, Каркырадагы жерибиз кетип атат, Ысыккөлдөгү төрт пансионат өтүп атат. Талас, Баткенден жерлерибиз кетип атат. Өзүбүз кичинекей өлкө болсок, жерибизди, электр тармагын, бардыгын сатып атышса коомчулук кантип жөн отурат. Коомчулук өз үнүн айтканга акылуу. Эгер биз демократиялык өлкөбүз десек, мындайга жол бербеш керек. Анткени бул демократиянын дөөлөттөрүнө да каршы келип атат.

Нур Омаров: “Бийлик Исхак Масалиевдин аброюнан пайдаланып жатат”

Белгилүү саясат талдоочу Нур Омаровдун пикиринде, бийлик атайылап “Ак жол” фракциясына кирбеген депутатты пайдаланып, өлкөгө биротоло катаал авторитардык режимди орнотууга ниеттенип калды:

-Менин оюмча бул жерде бийликтер Исхак Масалиевдин аброюнан пайдаланып өздүк маселелерин чечкени турушат. Эгер мындай идеяны “Ак жол” партиясынын депутаттары көтөрүп чыгышса, бардыгы мунун аркасында президент турат дешмек да. Ал эми Коммунисттер партиясы парламентте азчылыкты түзсө да, Исхак Масалиев эркинирээк саясатчы делет. Менимче бул чынында мыйзамсыз чара. Демократиялык өлкөлөрдү деле карап көрсөк, ал жактарда күн сайын ондогон митингдер өтүп келет, бирок ал жакта чектөөлөр жок.

Бул мыйзам долбоор парламентте тоскоолдуксуз өтүп кетерин айткан саясат талдоочу, анын аркасынан кокус борбордук аянтта, өкмөт үйү же Жогорку Кеңеш сыяктуу долбоордо көрсөтүлгөн жерлерде митинг өтүп калса, анын уюштуруучулары менен катышуучулары жазаланып, Кыргызстан полициялык өлкөгө айланат деген ойдо.

XS
SM
MD
LG