Аким Жусупбек Максүталиев айыл чарба жана өнөр жай тармагындагы көрсөткүчтөр менен тааныштырып, ар бир жашоочуга бирден мал тура келээрин жана киши башына 10 миң сомдон инвестиция тартылганын, районго мурда өткөн өзбекстандык 500 мал кармоочу жайдын жоктугунан алар ээлерине кайтарылып берилгенин билдирди. Узакка өткөн өзбекстандык бодо малдан 2006-жылы бир жарым миллион салык жыйнаттырган үчүн айрым жетекчилерден жеме уккандыгын жана чек араны коргоо кыйын болуп тургандыгын белгиледи. Бакиевдердин бир туугандары бийлик ишине кийлигишпей турганын айтты. Райондун эмгекке жарактуу калкынын 20 пайызы тышкы өлкөлөрдө жүрөт, табият кырсыгы күтүлгөн жайларда жашаган 1110 үй-бүлөнүн 120 түтүнү мамлекеттик ссуда ала элек, өкмөттүк жардам алгандардын 10 пайызы каражатты башка муктаждыктарга иштеткен. Ушул тапта мал базар талашын эки жыл мурдагы жер басып алуу маселесин чечүү иши алдыда турат. (YA)