-Орусиянын Кыргызстандагы элчисинин басма сөз катчысы Виктор Харченко “Азаттыкка” билдирип, анда Канттагы орусиялык үч аскер кызматкерин милиция кызматкерлеринин кийимин кийген белгисиз адамдар “Джип” автоунаасы менен кууп барышып, себебин түшүндүрбөй уруп-согуп, бир офицерге ок тийип, оор жаракат алды деп айтты. Дегеле ушул окуянын чоо-жайы Ички иштер министрлиги тарабынан кандай иликтенип атат?
- 20-апрелге караган түнү, түнкү саат үчтөн 15 мүнөт өткөндө Ысыката райондук ички иштер бөлүмүнүн нөөмөт бөлүмүнө Ысыката райондук ооруканадан Орусия Федерациясынын атуулу, Кантагы авиабазанын финанасы кызматынын орунбасары Зоотов Максим Александровичке сол жак өпкөсүнө ок тийгендиги тууралуу кабар түшкөн. Болуп өткөн окуя боюнча Ички иштер министрлигинин жана башкы тергөө башкармалыгынын начальниги, милициянын полковниги Кыдырбаев, ошондой эле Чүй облустук ички иштер башкармалыгынын тергөө бөлүмүнүн башчысы Асанов, ошондой эле бир топ жетекчилер барып, окуяны иликтешкен. Ал жерде чынында Бишкек шаарындагы Жибек жолу-Исанова көчөлөрүнүн кесилишинде МАИ кызматкерлери түнкү кызматтарын өтөп турган мезгилде, “Тойота-Ариста” деген машина МАИ кызматкерлерине баш ийбестен чыгыш тарапты көздөй жол эрежелерин бузуу менен катуу ылдамдыкта жөнөп кеткен. Ошол жердеги мобилдик оперативдик топтогу балдар чынында артынан токтотуу максатында аларды кууп жөнөшкөн. Кууп жөнөгөндөн мурун алар алдыда турган постторго радиостанция аркылуу кабар берген. Астында номери бар, бирок артында номери жок “Тойота-Ариста” күмүш түстүү машина кетип баратат деп. Чындыгында бул машинаны Кант шаарынан Дзержинский көчөсүндөгү “Фатима” деген кафенин бет маңдайынан барып торошуп, токтотушкан. Токтоткон мезгилде ал машинеде үчөө болгон. Зоотов Максим Александрович өзү ошол машиненин ээси болгон. Сатып алып ишеним кат менен айдап жүргөн, жанындагы эки пассажир Кант шаарынын тургундары болгон. Үчөө чыгып алып милиция кызматкерлерине каршылык көрсөтүшкөн. Милиция кызматкерлери мыйзам түрүндө беш жолу асманга ок атып эскертүү берген. Бирок өтө кызуу болгондуктан ага дагы баш ийбестен ошол жерде кармашуу болуп кеткен. Учурунда МАИ кызматкери алышып атып байкабастыктан ок атылып кеткен. Ок Зоотовдун көкүрөгүнө тийген.
-Олжобай мырза, эми бүгүн Максим Зоотовдун ал-акыбалы кандай?
- Кечээ кечинде биз алган маалымат боюнча, өтө кылдаттык хирургиялык жардам керек болгондуктан Улуттук хирургиялык борборуна жеткирилген. Кечээ күнү ал жерден операция кылынып, бүгүнкү күндө палатага которулат деп айтышкан.
- Ушул боюнча Орусиянын элчилигине билдирдиңиздерби?
-Бүгүнкү күндө ушул боюнча чаралар көрүлүп атат. Бул жерде биздин ички иштер министрлигинде юридикалык башкарма бар, ошонун жетекчилери менен кошо Орусия элчилигине кат жөнөтөлү деп турабыз.
-Маегиңизге ырахмат.