Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
28-Март, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 14:33

13:55 Ч. Турсунбеков: Кыргызстанда ишкерлердин иштөө шарты оңолууда


Бул тууралуу Кыргызстандын ишкерлер союзунун президенти Чыныбай Турсунбеков маалымат жыйынында билдирди. Анын айтымында 2007-жылы, 15-октябрьда ишкерлер менен өткөргөн жолугушууда президент салык кодексин карап чыгууну, ишкерлер үчүн бардык шарттарды түзүп берүүнү убада кылган. “Жарым жыл өтпөй шарттар түзүлүп текшерүүлөргө мораторий жарыяланды. Салык кодексиндеги бири бирине дал келбеген пункттар да ирээтке келтирилип, бир нукка салынууда”, - деди Ч. Турсунбеков. Ал эми терс жагы Кыргызстанда ишкерлердин элүүдөй пайызы көмүскөдө иштеп жаткандыгын белгиледи. (ESu)

XS
SM
MD
LG