Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 15:30

МЕДВЕДЕВ КРЕМЛЬ САЯСАТЫН КАЙСЫ ЖОЛГО БАШТАЙТ?


7-майда Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/91CC70E3-A712-4B4A-8639-5776542CFBDD.ASP ант берип, кызматына киришти. Ант бергенден кийин ал Орусиянын экономикалык, жарандык эркиндиктери жана атуулдардын өз мүмкүнчүлүгүн ачуу менен бирге жоопкерчиликтүү жана эркин сезүүсү үчүн мамлекет башчы жана адам катары бардык аракетин жумшаарын билдирди. Кыргыз коомчулугу Орусиянын жаңы президенти Медведевдин мындан ары жүргүзө турган саясатына кандай карайт?

Кыргыз саясатчыларынын көбү Орусиянын жаңы президенти Дмитрий Медведев президенттик тактыда сегиз жыл отуруп, өзүн мураскор кылып дайындап кеткен Владимир Путиндин жолунан тайбайт деген пикирде. Анын себебин, экс-мамлекеттик катчы Ишенбай Абдуразаков мындайча чечмеледи:

-Анткени, Путиндин элге кайрылуусунда айтылгандай Орусия инновациялык жаңы жол менен кетет деп көрсөтүлгөн стратегияны экөө биригип даярдашкан. Мына ошол стратегияны 2020-жылга чейин ишке ашырыш керек. Ошондуктан саясий багыт жагынан эч нерсе өзгөрбөшү толук ыктымал. Экинчиден, Орусия энергетикалык нефть менен газдын ийнесине илинип калбай, жаны технология менен кетели деген идеяны негиз кылып турат. Бул багыт боюнча да экөөнүн ортосунда эч кандай пикир келишпөөчүлүк болгон эмес. Муну да ишке ашыруу үчүн албетте, эч кандай өзгөрүү болбошу зарыл.

Кыргызстан коммунисттик партиясынын төрайымы Клара Ажыбекованын баамында, Медведев Путиндин саясатынан алыс кетпейт, бирок Орусиянын беделин көтөрөм деген аракетине дүйнө жүзүн каптап келаткан азык-түлүк кризиси тоскоолдук кылышы мүмкүн:

- Бул ойлонуп туруп түзүлгөн тандем. Ошондуктан биринчи төрт жылдыкта экөөнүн ортосунда эч кандай карама-каршылык болбойт. Бирок дүйнө жүзүндө эмгекчил элдин турмушу абдан кыйын болуп баратат. Ошон үчүн көп маселелер элдин ичинен чыгып, кардиналдуу өзгөрүүлөр болушу мүмкүн.

“Туран” партиясынын теңтөрагасы, экс-депутат Каныбек Иманалиев болсо Орусия ички да, тышкы да саясатын өзгөртпөйт, бир гана бийик абройлуу мамлекеттер жана эл аралык уюмдар менен тыгыз интеграцияга барышы мүмкүн деген ойдо:

-Орусиянын тышкы саясатындагы ырааттуу принциби улантылат. Чыгышка же батышка артыкчылык берилбей, биринчи орунга Орусиянын кызыкчылыгы коюлат. Андан кийин, балким батыш мамлекеттери, Америка, Европа биримдиги, НАТО менен болгон мамилесиндеги интеграциялык процесстердин ылдамдыгы өзгөрүшү мүмкүн.

“Замандаш” ассоциациясынын мүчөсү Жума Абдуллаевдин билдирүүсү боюнча, Путин президенттик тактыга келет деп болжолдонуп, эл оозунда ителги атка конгон Сергей Иванов менен көгүчкөн атын алган Дмитрий Медведевди салмактап туруп, Медведевге тандашынын саясий негизи бар. Ал “Путиндин планы” деп эл атап алган стратегияны ишке ашыруу:

- Бул көптөн бери даярдалган долбоор болчу жана ал узакка уланат деп пландаштырылган. Анткени Мамлекеттик Думага шайлоо болордун алдында “Путиндин планы” деген стратегия пайда болгон. Бул пландын биринчи баскычы Мамлекеттик Думада көпчүлүк депутаттык орунду ээлеш керек болчу. Ал орундалып, “Орусия биримдиги” парламентке келди. Экинчи баскычы - Медеведевди бийликке алып келүү эле, ал дагы ишке ашты. Үчүнчү баскычы - 2014-жылы Сочи олимпиадасын өткөрүү жана ал аймакты ар тараптан өнүктүрүү. Төртүнчү баскычы болсо 2020-жылга чейинки стратегияны ишке ашыруу. Бул Путиндин планы болгондон кийин Путин тиги же башка мүнөздөгү кызмат менен 2020-жылга чейин бийликте болот деп так аныктама берсек болот.

Кыргыз президентинин басма сөз кызматынын жетекчиси Досалы Эсеналиев болсо Орусия КМШдагы мамлекеттер, анын ичинде Кыргызстан менен мурдагы кызматташтыгынан тайбайт деген ишенимде:

- Орусиянын тышкы саясаты, анын ичинде КМШдагы мамлекеттер болгон саясатында Путиндин багыты улана тургандыгы мурда эле белгиленген. Бул саясаттын алкагында Кыргызстан менен Орусиянын ортосундагы стратегиялык өнөктөштүк кызматташтыгы улана берерине шек жок.

“Ар намыс” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Бөдөш Мамырованын баамында, жаңы бийлик мурдагы изден чыкпайт, бирок Конституция талабын катуу кармаган Путиндин бийликтен өз мөөнөтүндө кеткени мурдагы советтик өлкөлөргө жакшы үлгү болушу керек:

-Бийлик бир адамдыкы эмес, элдики экендигин Орусиянын президенти Путин далилдеди. Муну биз үлгү катары алышыбыз керек. Айрыкча биздин мамлекеттин жетекчилери эске алып, ойлонушу зарыл.

XS
SM
MD
LG