“Кыргызстан патриоттор” партиясынын мүчөсү Узак Мамытов АКШнын “Манас” аба базасын колдогон пикет тууралуу өз пикирин “Азаттыкка” билдирди. Кабарчыбыз Кабыл Макештин суроолоруна жооп берип жатып, Узак Мамытов Орусия кыргыз элине билим, илим бергенин, Кыргызстандын аба мейкиндигин Орусиянын гана куралдуу күчтөрү коргой ала тургандыгын айтты. “Баткенде болгон террордук актыга Орусия гана жардам берген. АКШ Кыргызстандагы аба базасы үчүн 207 миллион доллар төлөш керек эле, бирок алар 18 миллион гана төлөп жатат”, - деп кошумчалады У.Мамытов.
Ушул тапта Горький эстелигинин жанында АКШнын “Манас” аба базасын колдогон пикет соңуна чыкты. Акцияны “Атамекен Америка менен бирге” коомдук бирикмеси уюштурду. (ZMa)
Ушул тапта Горький эстелигинин жанында АКШнын “Манас” аба базасын колдогон пикет соңуна чыкты. Акцияны “Атамекен Америка менен бирге” коомдук бирикмеси уюштурду. (ZMa)