Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
22-Июнь, 2025-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 20:26

БҮГҮН МЭЭРМАН АЙЫМДАРДЫН БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК КҮНҮ


Мээрман айымдардын бүткүл дүйнөлүк күнү негизделгенине 100 жылдай убакыт болгонуна карабастан, ал 1971-жылдан бери гана ырааттуу белгиленип келатат. Кыргызстанда бул дата 1993-жылдан бери белгиленип келет. Ушул датага байланыштуу мээрман айымдардын ишиндеги өзгөчөлүктөр жөнүндө “Азаттыктын” таңкы уктурууларында Улуттук госпиталдын улук мээрман айымы Шарипа Тарыхчиева ой-пикир бөлүштү.

-Бүгүнкү кесиптик майрамыңыздар менен куттуктайбыз. Ишиңиздерде ийгилик болсун. Буга чейин Дүйнөлүк саламаттык сактоо уюму мээрман айымдардын Кыргызстандан чет жакка кетип жатканына байланыштуу тынчсыздануусун билдирген эле. Азыр жагдай кандай болуп атат? Чындыгында эле жумушун кесибин таштап чет жакка чыккандар көп болуп жатабы?

-Ооба. Ушул Улуттук госпиталдан үч мээрман айым, бирөөсү Ростов-На-Дону, бирөөсү Свердловскиге, бирөөсү Казакстанга кеткен. Алардын биринчи көйгөйү - коммуналдык төлөмдөр кымбат, анан алган айлыктары азыраак. Ошон үчүн көбү кетип атат. Мурун бизде 22 мээрман айым иштесе, азыр сегизи эле иштеп атат.

-Бул калктын саламаттыгына, жалпы эле медициналык жардам көрсөтүү кызматына, анын сапатына таасирин тийгизиши мүмкүнбү?

- Таасири аябай эле тиет. Анткени мурун 22 мээрман айым иштесе, азыр 8 мээрман айым физикалык жактан ийне сайып, дарыларын бергенге жетише албайт. Медициналык окуу жайын көп эле жаштар бүтүп жатат, бизге практикага келишет, биз аларды үйрөтүп өзүбүзгө калтырганга аракет кылабыз. Бирок окууну бүтүп, диплом алгандан кийин эле алар Дордойго, же Ош базарына барып соода кылышат. Ушул көйгөйдү кандай чечиш керек деп көп эле ойлонобуз.

- Шарипа айым, мээрман айымдардын чет жакка кетишине албетте экономикалык себептер негиз болуп жатканы маалым. Мындан башка себептер барбы?

-Башка себептер, жумуштары чындыгында эле кыйын. Бир мээрман айым үч-төрт адамдын ишин кылат. Ошондон дагыбы деп ойлойм.

- Ушул жагдайдан улам мээрман айым кесибин тандап алгандар аз болгондой эмеспи?

- Жок, кыздардын маанайы жакшы. Мисалы, мен дайыма жумушка келатканда тойго келаткандай болуп камданып келем. Мага өзүмдүн кесибим аябай жагат. Кээде, силер кандай маанай менен жумушка келесиңер деп кыздардан сурайм. “Эже, келгенде жакшы, анан баягы эле жумуштагы проблемалар бар” дешет. Бирок кабагым-кашым деп арызданган мээрман айым жок.

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG