Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
16-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 17:02

17:54 КРнын жайыттар жөнүндөгү мыйзамынын долбоору Нарында канаттандырарлык эмес деп табылды


Бүгүн Нарын шаарында өлкөнүн жайыттар жөнүндөгү мыйзам долбоору талкууга алынып, катышуучулардын басымдуу көпчүлүгү долбоорду натыйжалуу жазылган эмес деп баалашты. Республиканын Жайыттар департаментинин директорунун орун басары Эшболот Өсөров бул мыйзам 1996-жылдан бери Жогорку Кеңешке сунушталып, бирок кабыл алынбай келе жаткандыгын, натыйжада жер-жерлерде талкуулоодон кийин кайрадан парламентке жөнөтүлөрүн билдирди. Ал эми Нарын районунун алкагында өткөрүлгөн мыйзам долбоор сын-сунуштарга кириптер болду. Жайыттардын чегаралары, жайыттарга акы төлөө, жайыт билеттери, жайыт ижарасы, башкаруучу орган болгон жайыт кеңеши тууралуу беренелер боюнча талкуулар киргизилди. (KUs)

XS
SM
MD
LG