Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:23

15:23 Тажикстанда ШКУга мүчө мамлекеттеринин коргоо министрлери жолугушууда


Ага катышуу үчүн Дүйшөмбүгө кечээ Кыргызстандын коргоо министри Исмаил Исаков кеткен. Жолугушууда коргонуу тармактарынын тыгыз кызматташтыгынын өнүгүшүн камсыздай турган маселелер топтому талкууланары мурда кабарланган. ШКУга мүчө мамлекеттердин катарында Кытай, Орусия, Казакстан, Өзбекстан, Кыргызстан, Тажикстан бар. Ал эми Монголия, Индия, Иран жана Пакистан байкоочу мамлекеттер макамына ээ. Бул уюмду быйыл Тажикстан башкарып жатат. (BuS)

XS
SM
MD
LG