Анда эки тарап бийик жана жогорку деңгээлде байланыштарды колдоо максатында кыргыз-тажик тышкы иштер министрликтеринин координациялык кеңеши түзүлгөнүн жарыялап, чек ара жана энергетика маселелерин чечүү жана бул боюнча кызматташууну жакташты. Эки тарап чек араны делимитациялоо жана демаркациялоо иштерин тездетүүнү кубаттап, ошол эле убакта бул иштер аягына чыгарылганга чейин чектеш аймактарда чабалык иштерди жүргүзүүнү токтото турууну белгилешти. Кыргызстан менен Тажикстан суу-энергетикалык саясатты макулдашып жүргүзүүнү, Нарын-Сырдарыянын суу-энергетикалык ресурстарын пайдалануу боюнча төрт тараптуу келишимге жетишүү жакташты. Билдирүүдө ошондой эки өлкөнүн соодасынын көлөмү тийиштүү мүмкүнчүлүктөн аз болуп жатканы аталып, темир жана автомобиль жолдорун туташтыруу менен потенциалдарды толук пайдалануу керектиги белгиленген. Кыргызстан менен Тажикстан президенттери бүгүн Ходжент шаарында сүйлөшүүлөр өткөрүштү.(AiT)
15:14 Кыргызстан жана Тажикстан президенттеринин сүйлөшүүлөрүнүн жыйынтыгы боюнча билдирүү кабыл алынды