Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
7-Май, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 10:22

ОРУСИЯ МЕНЕН ГРУЗИЯ АЛАКАСЫН ИРИТКЕН АБХАЗИЯ ЭЛЕБИ?


Муса Мураталиев, Москва Грузия 18-майда Абхазия жерине Орусия согуштук оор куралдарын жеткирип жатат деп билдирди. Грузиянын ИИМи чалгындоочу учак тартып алган сүрөттөрдө, Абхазияга кошумча киргизилген орусиялык тынчтык орнотчу аскерлер тобу менен кошо оор техника да киргизилип атканы тартылган деген. Ассошиэйтед пресс агенттиги жазганга караганда, ал сүрөттөрдөгү нерселерди чын эле согуштук техника экен деп кесе айтуу кыйын. Тбилиси белгилегенге караганда, оор куралдарды орусиялык аскерлердин ала келүүсү - тынчтык орнотуу үчүн аларга берилген укукка каршы келет.

Тбилиси менен Сухуми эзелки кармашты жылуу жумшак басуу үчүн тил табыша алышты деген маалыматты кечээ, 19-майда, «Коммерсант» гезити жазып чыкты. Анда "ошол маакулдашууну орусиялык жетекчилик менен талкуулап кетиш үчүн таанылбаган жумурият президенти Сергей Багапш дүйшөмбү күнү Москвага келди" деп кабарланат. Талкууга алынчу маселелер: грузин качкындарын Абхазияга кайтып келүүсү жана Кодор капчыгайынын өйдө жагындагы грузиялык аскерлерди чыгарып кетүү болору күтүлүүдө деген.

Байкоочулардын "Михаил Саакашвили менен Сергей Багапштын тил табышуусу күтүлбөгөн жерден болгон, ошого карабай биринчи кадам жаcалганы да байкалат" дешет.

Азыркыга дейре такыр тетири карашып калган кошуналар маанайы бири-бирине ок атышууга даяр турган абалга жеткен. Ошол себептен 14-майда Абхазиянын жетекчилиги ырасмий түрдө "Орусия менен аскерий келишим түзүүгө даяр экенин" билдирген маалымат таркаткан. С. Багапштын пикири боюнча, «Абхазия жеринде Орусиянын аскерий базасы болгондо ал жумурияттын коопсуздугу үчүн кепил болмок».

Бул Сухуминин экинчи жолку өтүнүчү эле. Алгач, ал май айынын жакасында «Абхазия, өзүнүн коопсуздугу үчүн бүтүндөй жерин Орусиянын аскерий кожоюндугуна берүүгө даяр, ошол эле учурда, Абхазия үчүн азырынча Орусиянын курамына кирүүгө муктаждык жок», деп билдирген.

Бейшемби күнү, 15-майда БУУнун Башкы Жыйынында грузин качкындарынын укугун коргоо маселеси талкууланып, алардын Абхазияга кайтып көчүп келүүсү боюнча чечим кабыл алынган. Кызык жери - жыйынга БУУга мүчө 192 мамлекеттин өкүлдөрү добуш беришкен. Жыйынтыгында 14 «макул», 11 «каршы» жана 105 «калыс» добуш менен чечим кабыл алынган. «Калыс» калгандардын бири - Кыргызстандын өкүлү болгон.

Мына ошол, Орусиянын колдоосу астында Грузиядан бөлүнүп алсам деген Абхазия жетекчилигинин Москвага келиши, баарыдан мурда Тбилисиге так жооп айтаардан мурда, Кремль менен акылдашып алуудан улам болгонун айтышат. Ал эми Орусиянын кошуна өлкө Грузия менен алакасынын болуп көрбөгөндөй сууп кетиши анын НАТОго өтүүгө умтулуусунан улам болду дешет.

Көзкарандысыз адис Иван Суховдун айтымында, Москва канчалык кысымды катуу жасаса өзү ошончолук көп утушка дуушар болот:

-Түндүк Кавказда канчалык көп учактар атып түшүрүлүп, канчалык көп тыңчыларды кармоо болсо, Грузиянын НАТОго өтүүсү ошончолук эрте болот.

XS
SM
MD
LG