Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:02

8:19 Бүгүн Кыргызстан менен Польша өкмөт башчылары Варшавада жолугушат


Премьер-министр Игорь Чудинов бүгүн Польша премьер-министри Догалд Туско менен жолугушуп, эки тараптуу кызматташтыкты талкуулашат. Жолугушуунун алкагында инвестициялык макулдашуулар түзүлөөрү күтүлүүдө. Ушул эле күнү Чудинов Улуттук чарба палатасына барат. Кыргыз өкмөт башчысы баштаган делегация кечээ тажрыйба алмашуу максаты менен Польшага барган. Өкмөттүк делегация бүгүн сапарын Латвияга улайт. Делегациянын курамында министрлер Акылбек Жапаров, Сапар Балкибеков жана Айгүл Рыскулова бар. (BuS)

XS
SM
MD
LG