Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
21-Май, 2025-жыл, шаршемби, Бишкек убактысы 07:11

18:37 Нөшөр жамгырдан улам Ош аймагында суулар ташкындап, айрым жерлерде сел жүрдү


Өзгөчө кырдаал министри Камчыбек Ташиевдин “Азаттыкка” берген маалыматына караганда, 22-25-май күндөрү жаандан чыккан табигый кырсыктан Ноокат, Карасуу райондору жана Ош шаары айрыкча жапа чеккен. Ноокатта 59 үйдү, 24-майда курулуштарды суу баскан, 58 гектардан ашык аянтка эгилген айыл чарба өсүмдүктөрү бүлгүнгө учураган, 16 чакырым автожол керектен чыккан. 29 ири мүйүздүү мал өлгөн. Ошондой эле министр жергиликтүү бийлик жана эл убагында арык-каналдарды тазалабагандыгы ушундай кесепетке тушуктургандыгын билдирди. Ноокат районунун акими Абдыганы Алиев министр Ташиевдин пикирине кошулбастыгын, алдын алуу жумуштары убагында жүргүзүлгөндүктөн адамдар өмүрүнө коркунуч туулбагандыгын, бирок кырсыктын кесепеттери олуттуу экендигин баян этти. (АТо)

XS
SM
MD
LG