Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 04:09

ПРЕЗИДЕНТКЕ КЕҢЕШ: АКШ АЗИЯДАГЫ САЯСАТЫН ЖАНДАНТЫШЫ КЕРЕК


Wall Street Journal басылмасында америкалык сенаторлор Жон Маккейн --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/05/B7FEDF77-5F55-4372-AB65-32D7F05065B0.asp менен Жозеф Либерман авторлошуп макала жарыялап, АКШнын Азиядагы саясатын кайра жандантууга чакырышты. Материкте оожалып бараткан өнүгүү процессин авторлор Азиянын кайра жаралуу доору деп атап, андан Тынч океандын эки өйүзүндө тең алда канча коопсуз, ооматтуу жана эркин дүйнө түзүүнүн жаңы мүмкүнчүлүгүн көрүшөт.

Дүйнөнүн эң ири материгинде жаңыдан ачылып жаткан бул чоң мүмкүнчүлүктү азиялыктар менен америкалыктардын түпкү таламдарына тең бирдей пайдалануу үчүн авторлор континентте АКШнын күчтүү лидерлиги зарыл дешет. Бул үчүн Вашингтонго изоляционизмди эмес, интернационализмди, протекционизмди эмес, эркин соода алакасын өнүктүрүү керек болот.

Дүйнөнүн көп бөлүгүндө АКШнын алымдуулугу төмөндөп кеткен азыркы учурда Япония, Түштүк Корея, Австралия сыяктуу өлкөлөр “эски достор” бойдон калышканын, Сингапур баштагыдай эле жакшы саанасынан жана электигин белгилеп, авторлор акыркы кезде Кытайда, Индияда, Индонезияда, атүгүл Вьетнамда да америкалыктарга ыкыласын салгандар көбөйүп баратканын көрсөтүшөт.

Сенаторлор АКШнын келерки президентине ушул мамилелерди сактап гана калбастан, аларды андан ары кеңейтүүнү жана тереңдетүүнү сунуш кылышат. Бул максат АКШдан Азиядагы аймактык уюмдардын иштерине кыйла жигердүү катышууну талап кылат, деп көрсөтүшөт алар.

АКШга Кытай менен көп тармактарда кызматташтыкты жакшыртуу соода-сатык, экономикалык мааниде гана эмес, баарыдан мурда Пекиндин күч алып бараткан коргонуу кубатын ооздуктоо жагынан майнаптуу болмок. Азияда ядролук коопсуздукту камсыз кылуу мүдөөсүнөн алганда Түндүк Кореяда да америкалык лидерлик зарыл экенин айтышып, ошол эле учурда сенаторлор АКШ президенти, айрым талапкерлер убада кылып жатышкандай, кокус диктаторлор менен кол алышып, бир үстөлдө олтуруп сүйлөшө турган болсо, Ак үйдүн кадырын кетире турганын да эскертишет.

АКШнын Азия-Тынч океан аймагындагы союздаштык алакалары жалпы материктеги, айрыкча Жакынкы Чыгыштагы коопсуздукка да шарапатын тийгизет. Ушул өңүттө авторлор Ирактагы согуштун маанисин бөлүп көрсөтүшөт. “АКШнын Ирактагы ийгилиги Азиядагы америкалык лидерликти бекемдейт, ал эми бул урушта АКШ утулса же ал жерден чыгып кетсе, анда Азия коркунучта калат”,- деп жазышат сенаторлор.

Алтымыш жыл мурда Азияда демократиялык эки эле өлкө - Австралия менен Жаңы Зеландия гана болгонун эске салып, авторлор бүгүн азиялыктардын көбү эркиндикте жашап жатканын белгилешет. Япониянын лидерлери демократиянын Азия үчүн канчалык мааниси бар экенин такай айтып-деп жүрүшөт. Индиянын премьери болсо либералдык түзүлүштү “азыркы дүйнөдөгү социалдык жана саясий уюмдар үчүн табигый заказ” деп атады.

Биз буга толук кошулабыз, деп жазышат сенаторлор. Дүйнөдө эч ким универсалдуу акыйкатты монополиялап алалбайт. Авторлор анын ичинде АКШнын өзү да дүйнөлүк системада жоопкерчиликтүү лидер, глобалдык мыкты жаран болушу керек деп көрсөтүшөт.

Жон Маккейн – республикалык партиянын өкүлү, Жозеф Либерман болсо демократтардын көз карандысыз позицияда турган ишмерлерине кирет.

XS
SM
MD
LG