“Yes We can!” – кыргызчага которгондо, “Ооба, биздин колубуздан келет!”. Бул - сенатор Барак Обаманын шайлоо кампаниясында колдонулган негизги ураандардын бири. Бир жарым жыл мурун дээрлик көпчүлүк үчүн бейтааныш болгон каратору саясатчы бүгүн АКШнын президенттигине негизги талапкерлердин бири. Афро-америкалык киши демократиялык партиянын атынан президенттикке ат салышканы АКШнын тарыхында болгон эмес. “Ооба, бул биздин колубуздан келет”,- деп жооп берди Обаманын командасы. 16 айдын ичинде Барак Обама деген феномендин пайда болгонун кыргызстандык пиар адиси Нуржан Алымканова мындай түшүндүрөт.
- Буга бир нече себептер болду. Биринчиден, бийликке каратору киши эч качан келген эмес. Экинчиден, Обама өз талапкердигин учурдагы эң күчтүү партиядан коюп жатат. Массалык маалымат каражаттары менен да абдан жакшы иш жүргүзүлдү: Обаманын үй-бүлөсүн жана анын жакшы жактарын кайра-кайра көрсөтүп жатышты. Анын үстүнө, 16 ай - абдан чоң мөөнөт. Бул убакыттын ичинде жакшы пиар адистер Кыргызстанда да белгисиз адамды белгилүү саясатчы кылып коё алышат.
Обаманы, негизинен, кимдер колдоп беришти? Мындай суроо менен биз АКШда билим алган Аскарбек Мамбеталиевге кайрылдык. Аскарбек – И.Арабаев атындагы Университеттин Жарандык билим берүү жана парламентаризм борборунун директору.
- Мен Нью-Йоркто болдум. Ал жакта байкашыма караганда, афро-америкалыктар өзүнүн талапкерин жакшы колдошот. Демократтар да, өзгөчө, орустар, Обаманы колдошот экен.
Анткен менен, Обаманын колдоочуларынын саны президенттик шайлоону жеңүү үчүн аздык кылат. Обаманын партиялаш атаандашы Хиллари Клинтон президенттикке ат салышуудан азырынча баш тарта элек жана жеңилгенин да моюнга алган жок. Бирок демократиялык партиянын ичинде Клинтон жана Обаманын өз ара сүйлөшүүлөрү божомолдонуп жаткандай.
- Клинтон менен Обама бири-бирин абдан макташканын бүгүн эле СиЭнЭнден айтышпадыбы. Обама Клинтонго “Сиз менден жакшы талапкерди чыгардыңыз” десе, Клинтон Обамага “Сен президент болсоң, мен вице-президент болууга даярмын” деп жооп берди. Экөө тең демократ эмеспи, - дейт Аскарбек Мамбеталиев.
Хиллари Клинтон, серепчилердин айтымында, демократиялык партиянын күзүндө өтө турган курултайына чейин өз талапкердигин албайт. Демократтар андан кийин өз ара биригүүгө үлгүрүшү керек. Анткени Маккейнди утуу оңойго турбайт, аны америкалыктардын консервативдүү калың катмары колдойт. АКШдагы эки партия тышкы саясат жана ички экономика маселелеринде карама-каршы позицияда турушат.
Бийлик алмашып, АКШ президенттигине демократ келсе, өлкөнүн Кыргызстанга карата саясатында кандай өзгөрүүлөр болушу мүмкүн? Серепчи Аскарбек Мамбеталиевдин айтымында, демократ президент болсо деле, бизде эч кандай өзгөрүү күтүлбөйт.
- Болгону, бизге жиберилчү жардам кыскарышы мүмкүн. Анткени демократтар каражатты, негизинен, ички керектөөлөргө, америкалыктардын кызыкчылыгы үчүн эле сарпташат.