Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 02:23

Такталбаган маалыматтар боюнча Хилари Клинтон жуманын аягына чейин жарыштан чыкканын расмий билгизет


Бул тууралуу АКШнын массалык маалымат каражаттары кабарлашууда. Соңку маалыматтар боюнча, сенатор Хилари Клинтон АКШнын президенттигине ат салышканын токтотоорун расмий түрдө 6 июнга чейин билдирет. Бул маалымат такталса, Демократиялык партиянын атынан президенттик жарышка Барак Обама чыгат жана ал республикачыл Жон Маккейн менен атаандашат. Азырынча Клинтондун кампаниясы медиада тараган имишти ырастай элек. АКШдагы президенттик шайлоо 4 ноябрда өтөт. Барак Обама АКШнын тарыхындагы президент болом деген биринчи афроамерикалык же түсү кара талапкер.

XS
SM
MD
LG