Республикалык МАИ кызматынын маалыматы боюнча 2007-жылы катталган мас абалында автомашина айдоонун 12104 учуру катталган. Ал эми жол эрежесин жакшы өздөштүрбөй туруп, рулга отургандар көбөйгөндүгүнүн айынан, жол кырсыктары да арбып кеткен. ЖКнын коргоо жана коопсуздук комитетинин төрагасы Рашит Тагаев кесиптештеринен жол эрежесин бузгандарга байланыштуу административдик жазаны күчөтүп, аларга салынуучу айыппулдун өлчөмүн көбөйтүүнү өтүндү. Кээ бир депутаттар айрым учурларда МАИ кызматкерлери өздөрү да кызматынан аша чаап кетип жаткандыгын айтып чыгышты. Рашит Тагаевдин маалыматы боюнча алардын ишмердүүлүгү атайын органдар тарабынан көзөмөлгө алынып, жакында эле эки-үч МАИ кызматкери иштен айдалган. Ал эми айдоочуларды айдоо күбөлүгүнөн ажыратуу сот аркылуу гана ишке ашырылат.(ZKo)