БУУнун баш катчысы Пан Ги Мундун билдиришинче, саммит көздөгөн максатына жетти:
-Рим конференциясы биз үчүн, бул жерге чогулган өлкөлөр үчүн, эң маанилүүсү, дүйнөдөгү жүз миллиондогон адамдар - ачка адамдар үчүн ийгиликтүү аяктады деп билем. Туура саясатты тандоо жана алдыдагы жылдары айыл чарбасындагы өндүрүмдүүлүктү жогорулатуу боюнча БУУга мүчө өлкөлөрдүн чечкиндүүлүгү жана саясый жоопкерчилиги айкын сезилди.
Жыйын учурунда азык-түлүк каатчылыгын жеңилдетүү үчүн 1, 5 миллиард доллар жардам убада кылынды. Шаршемби күнү Дүйнөлүк азык-түлүк программасы билдиргенге караганда, азык-түлүктөн өтө кыйналган 60 өлкөгө көмөктөшүүгө 1, 2 миллиард доллар кошумча чегерилди.
Талкуунун жүрүшүндө кризисти жөндөөнүн жолу боюнча өкмөт башчылары ортосунда биримдик жок экени ачыкка чыкты жана жыйын мурда мерчемделгендей шаршемби күнү финалдык декларацияны тактай албай калды. Мисалы, био отундун каршылары Батыш өлкөлөрү данды күйүүчү майга пайдаланууну токтотсун деген талап коюшту. Бирок, АКШ, Бразилия, Евробримдик био отун мунай-газдын көкөлөп өсүп бараткан баасын төмөндөтүү үчүн зарыл деп түшүндүрүштү. Америкалык делегациянын айтымында, данды био отунга колдонуу азык-түлүктүн баасы 2-3 процентке гана өстүргөн.
Пан Ги Мун ачкачылык жана жакырчылыкка каршы күрөшүү маселесинде өкмөттөр ортосундагы келишпөөчүлүк болууда деген кабарды четке кагып, тараптар жалпы пикирге келгенин билдирди:
- Катуу жабыркаган өлкөлөргө жана элдин өтө жарды катмарына өзгөчө колдоо көрсөтүүнүн зарылдыгын жыйын макул тапты. Талкуу биздин ишибиз али алдыда экенин мага айкын кылды.
Римде Улуттар Уюмунун канаты астында өткөн жыйынга өкмөт башчылар, эларалык банктардын жана гуманитардык уюмдардын өкүлдөрү, айыл чарба азыктары өнөр жайынын мыятчы-жактоочулары катышты.