Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
23-Апрель, 2024-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 23:01

ОРУСИЯ: ЭЛ АРАЛЫК ЭКОНОМИКАЛЫК ФОРУМДУН ЖЫЙЫНТЫГЫНА САРЕСЕП


Муса Мураталиев, Москва Өткөн аптада Санкт-Петербургда өткөн Эл аралык экономикалык форумда --> http://rfe.azattyk.org/rubrics/politics/ky/2008/06/A826E7FB-1C71-4E59-899E-A23356AEF42E.asp Орусиянын президенти чыгып сөз сүйлөп, кайсы бир улуу державалардын «экономикалык улутчулдугун» сынга алды. Дмитрий Медведев “дүйнөлүк экономика үчүн өзү көтөрө алгыз жоопкерчиликти алды” деп АКШны сындады. Форум алкагында Санкт-Петербургга барышкан КМШ өлкөлөр жетекчилеринин бейрасмий саммити өтүп, эки тараптуу жолугушуулар да болду.

Эл аралык жыйынга бир катар өлкөдөн келишкен саясатчы, экономист, ишкерлер эсеби 8 миңге чукул болгонун агенттиктер белгилешүүдө. Алар глобалдашып бараткан тармактар менен улуттук кызыкчылыктын коошпой жатканын талкууга алышты.

Санкт-Петербургда 6-июнда иши башталган эл аралык экономикалык жыйын ушуну менен Орусияда экинчи жолу өттү. Саясий чөйрө болсо бул жыйынды «орусиялык Давос» деп атай башташты. Бирок Швейцариялык жыйын менен быйылкы жана былтыркы питердик форумдардын айырмасы асман менен жердей дешет.

Давосто жер жүзүнөн келген ишкерлер, саясатчылар, банкирлер, экономисттер өз ара жаңы келишимдерди түзүп, же дүйнөдө жалпы өнүгүүнүн багытын аныктоо үчүн чогулса, Орусияга алар, өлкөнүн жаңы президенти Дмитрий Медведевдин, былтыр болсо ошол кездеги президент Путиндин пикирин укканы келишкенин айтышат.

Бирок бул форумга Батыш өлкөлөрүнөн келген өкүлдөрдү жалгыз гана Медведевдин кеби кызыктырбаганын серепчи Наталия Лещенко белгилейт:

- Кептин баары - Москванын саясаттан тышкаркы чөйрөдө эл аралык деңгээлде бир кыйла ийгиликке жетишкени менен Орусиянын баркы дүйнөлүк коомчулук алдында жаман боюнча калып жатышында.

Президент Дмитрий Медведев болсо форумда буларды айтты:

-Биз каржы системабызды атаандаштыктагы туруктуулук менен камсыз кылуучу - Москваны дүйнөлүк кубаттуу каржы борборуна жана рублди аймактагы алдыңкы такоолдук акчага айлантуудабыз.

Ошол эле жерде Медведев дүйнөдөгү кор системада кризистин пайда болушу - эл аралык экономикалык системада АКШнын чыныга мүмкүнчүлүгүнө карап иш кылбай жатышынан улам болду, деди.

Санкт-Петербургдагы чечилбей жаткан маселелердин бири - таза суу болгонун серепчи Дмитрий Травин белгиледи:

-Крандан аккан сууну Санкт-Петербургда эл оболтон бери ичишпейт. Же бөтөлкөдө сатылган суу, же кубатуу тазалагыч аркалуу тазалап анан ичишет.

Форумда чыгып сүйлөгөн Кыргызстандын президенти Курманбек Бакиев дагы суу ресурстары тууралуу маселени козгогон. Жер жүзүндө азык-түлүк каатчылыгы азыркы тушта абдан катуу экени эскертилген. Бул олутуу маселеге өз учурунда көңүл бурулбаса, ал дүйнөнү жарып салууга жөндөмдүү экенин Бакиев белгилеп өттү.

Эл аралык форумга катышкан КМШ өлкөлөрүнүн лидерлеринин ар бири менен Орусиянын президенти жолугушуу өткөрдү. Серепчилердин баамында Дмитрий Медведев менен Виктор Ющенко жана Михаил Саакашвилинин жолугушуулары алардын мамилелерине кыйла доо кетирген маанайда өткөн. Ошондуктан орусиялык лидер аталган өлкө башчыларын өзүнө жакындатмак тургай, алыстатып койду деп айтышууда.

Дмитрий Медведев Украина президенти Ющенкого 2009-жылы 1-январдан тартып Орусия сатып келе жаткан көгүлтүр оттун баасын эки эсеге чукул кымбаттаарын эскерткен. Ал эми грузин лидер менен жолугушууда Медведев НАТОго өтүү Абхазия жана Түштүк Осетия менен болгон тирешүүнү басууга жардам берберин белгилеген.

“Время новостей” гезитинин кабарчысы Аркадий Дубновдун жазганына ылайык, Орусиянын лидери КМШга кирген жети өлкө президенттери менен жолугушуп, Каспий деңизи боюндагы, жеринен көгүлтүр отун чыгуучу өлкөлөргө ырасмий иш сапары менен барат. Анын себеби, өлкөгө экономикалык гана эмес, саясий күч болуп дагы кызмат өтөп аткан “Газпром” концернге атаандаша алчу мамлекеттер менен жакшу санаалаш болууда деп айтылган.

XS
SM
MD
LG