Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
10-Май, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 11:55

БҮГҮН НАТОлук МИНИСТРЛЕРДИН ЖЫЙЫНЫ БҮТӨТ


НАТОнун коргоо министрлери Брюсселде бүгүн эки күндүк жыйынын аякташат. Кечээ алар Косового коопсуздук күчтөрүн даярдоого жардамдашуу планын талкуулашты. Мындан тышкары Ооганстан темасы да сөз болду. Бүгүн НАТОлуктар Россиянын коргоо министри менен жолугуп,эки тараптуу мамилелерге байланыштуу маселелерди, ошондой эле Абхазиядагы жагдайды талкуулашат.

Косоводо НАТОнун ушу тушта 16 миңдей контингенти бар. Аларды Евросоюз өз миссиясы менен алмаштырууну көздөп жатат. Муну адегенде ушул айдын ортосуна пландашкан эле. Бирок Улуттар Уюмунун утурумдук администрациясы аркалаган озуйпаны Евролекске өткөрүп берүү ишинде бир катар жагдайлар пайда болду. Кечээ альянстын министрлери ушул маселеге байланыштуу кырдаалды, ошондой эле коопсуздук күчтөрүн түзүүдө Косового жардамдашуу жолдорун талкуулашты.

Жыйында ооган проблемасы да козголду. Кеп баарыдан мурда бул өлкөгө арналган стратегиялык пландар жана аларды жүзөгө ашыруу жолдору тууралуу болду. Аталган пландарда 2010-жылга чейин Ооганстандын армиясынын санын бери эле дегенде 80 миңге жеткирүү жагы каралган. Буга катарлаш Пентагондун башчысы кечээ НАТОлук өнөктөштөрдү оогандарга полиция күчтөрүн даярдоо иштеринде да жардамдашууну өтүндү.

Бул темалар бүгүн Россиянын коргоо министри Анатолий Сердюков менен боло турган жолугушууда да кайсыдыр бир өңүттөрдөн козголуп калышы мүмкүн. Айталы,бейшемби күнү орус тышкы иштер министрлиги Улуттар Уюмунун Косоводогу миссия башчысы Иоахим Рюккерди өзү билип эл аралык администрациянын ишин өзгөрткөнү, атүгүл токтоткону жатыптыр деп айыптады.

Ошентсе да орус тышкы иштер министри менен НАТОлуктар биринчи кезекте Абхазиядагы жагдайды талкуулаганы жатышат. Россия өткөн айда Абхазияга темир жол оңдоочу аскер бөлүгүн киргизип, Грузиянын катуу каршылыгын, анын соңунан Батыштагы айрым өлкөлөрдүн, ошондой эле НАТОнун нааразылыгын пайда кылган эле.

Тараптар АКШнын ракетадан коргонуу системасынын Чехияга жана Польшага жайгаштырылганы жаткан элементтерине байланыштуу да пикир алышат. Бул планды орус президенти Дмитрий Медведев жакында эле сынга алып,буга кошо НАТО да өз ордун таба албай жатканын айткан. Альянсты ар кандай шылтоого жамынып чыгышты көздөй кеңейтүү аракети Москванын НАТО менен мамилесин биротоло жана узакка бузуп саларын, куралдуу тирешүүгө айланбаганы менен мунун баасы өтө кымбатка турарын, зыяны чоң болорун эскерткен. Мунун ордуна Медведев “кансыз согуш” маалындагы Хельсинки актысын эске салып, ошонун өрнөгүндө жалпы европалык коопсуздук келишимин түзүүнү сунуш кылган болчу.

Орус министри бүгүнкү талкууларда президент Медведевдин ушул жана башка ойлоруна НАТОлуктар кандай карашарын алардын өз оозунан угушу мүмкүн.

XS
SM
MD
LG