Ички иштер министрлиги тараткан маалыматка караганда, быйылкы жайкы эс алуу маалында Кыргызстанга Азербайжан, Армения, Беларусь, Грузия, Казакстан, Молдова, Орусия, Тажикстан, Кытай, Куба, Вьетнам, Жапониянын жарандары визасы жок кире алышат. Ал эми Украина менен Монголиянын жарандары визасыз 3 айга чейин, Өзбекстандыкы 2 айга чейин, Малазиянын кызмат боюнча же турист катары келген жарандары 1 айга чейин, Туркияныкы бир айга чейин жүрө алышат. Ал эми визасыз же жеңилдетилген виза менен кирүүгө Австралия, Австрия,Бельгия, Улуу Британия менен Түндүк Ирландия, Германия, Грекия, Дания, Израиль, Ирландия, Исландия, Испания, Италия, Канада, Кипр, Корея, Лихтенштейн, Люксембург, Мальта, Монако, Нидерландия, Норвегия, Жаңы Зеландия, Португалия, АКШ, Финляндия, Франция, Швейцария жана Швециянын жарандарына уруксаат берилген. (BD)
12:35 Ички иштер министрлиги жарандары Кыргызстанга визасыз келчү мамлекеттердин атын атады