Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 05:05

12:49 “Де-факто” гезити эртең да чыкпайт


Бул тууралуу “Азаттыкка” гезиттин башкы редактору Чолпон Орозобекова билдирди. Анын айтымында, ага Бишкек шаардык ички иштер башкармасынын редакциянын компьютерлерин кайтарып бербей жана редакцияга киргизбей жаткандыгы башкы себеп. Гезит менчиги эмне үчүн берилбей жаткандыгын сураган редакторго башкармалыктын тергөөчүлөрү компьютерлер азырынча берилбейт деген гана жооп кайтарышкан. Андан тышкары милиционерлер редакция ачылган, ачылбагандыгын, журналисттердин келип жаткандыгын эшик тоскон кызматчылардан күндө сурап, байкоого алып жатышат дейт башкы редактор Чолпон Орозобекова. Ал бүгүн адвокаты Нина Зотова менен Бишкек ички иштер башкармалыгында кезектеги суракка чакырылган. (BD)

XS
SM
MD
LG