Жогорку кеңеш бүгүн балык чарбасын өнүктүрүү фондун түзүүнү караган мыйзам актыларына өзгөртүүлөр киргизилген долбоорду жактырды. Балык чарбасын өнүктүрүү фонду Айыл, суу жана кайра иштетүү өнөр-жай министрлигинин алдындагы Балык чарба департаментинин алдында түзүлгөн. Министрликтин жетекчилиги фондду түзүүнүн зарылчылыгын бюджеттик каражаттардын жетишсиздиги жана өлкөнүн балык чарбасына инвестиция тартуунун зарыл болуп калганы менен түшүндүрүүдө. (IJz)
12:12 Жогорку Кеңеш балык чарбасын өнүктүрүү фондун түзүүнү караган мыйзам актыларына өзгөртүүлөрдү жактырды