Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 08:19

10:30 Буудай болжолдонгондон аз айдалган


Айыл, суу чарба жана кайра иштетүүчү өнөр жай министрлигинен маалымдашкандай, азык-түлүк жана нан коопсуздугун аныктоочу программа толук ишке ашкан эмес. Ага ылайык жалпы республика боюнча 399,5 миң гектар айдоо аянтына буудай себилүүгө тийиш болсо, буудай аянттары 392,8 миң га жерге айдалган. Буудай Жалалабаттын Алабука, Базаркогон, Чаткал райондорунда, Таластын Бакайата, Манас; Чүй облусунун Ысыката, Москва райондорунда жетиштүү деңгээлде айдалбай калган. Ушул тапта Жалалабат, Ош облустарында буудай оруп-жыюуга даярдыктар жүрүп жатат, келерки айдын башынан тартып Чүй жана Талас облустарында да эгин оруп-жыюу өнөктүктөрү башталмакчы.(ZKo)

XS
SM
MD
LG