Нарын аймакты курчап турган чөйрөнү коргоо башкармалыгынын бөлүм башчысы Абдыбек Төлөбаев тоо жаныбарларын мыйзамсыз атышкан мергенчи-аңчылар азайып барат деген пикирин билдирди:
- Мисалы былтыркы жылы төрт айда 40 адамга 11 миң 763 сомго айып салынса, быйылкы жылы азайып барат, 27 адамга 11 миң 420 сом айып салынды.
Бирок бул көрсөткүч менен андай мергенчи-аңчыларды азайды деп айтуу болбойт деген пикирин “Азаттыкка” “Абдразак коругу” бей өкмөт уюмунун жетекчиси Абдразак Шермамбетов билдирди. Анын айтымында карагай, арча кыйгандар түнкүсүн чыгып, кармалбай жатышат.
Ал эми “Каратал Жапырык” мамлекеттик коругунун илимий иштер боюнча директорунун орунбасары Талантбек Өмүралиев аталган корукка тиешелүү Соңкөлдө балык уулагандардын торлору көйгөй пайда кылып жаткандыгына токтолду:
- Кытай өндүрүшүнөн чыккан бир жолу пайдаланчу желим торлорду салгандыктан, андагы чөгөрмөлөрү коргошун затынан уютулуп жасалат. Бул торлор убагында алынбай калып, кыш мезгилинде көлдүн үстүндө калып, биз былтыртан бери 3 миңден ашык метрдеги торду жок кылып жыйнадык. Ушул торлорду тазалоо проблемасы да болуп атат. Бул торлорго жапайы канаттуулар чалынып калып атат миграциялык жолу көлдүн үстүндө болгондуктан.
Ал торлор көпкө жатып жаныбарлар мутация болуп жатышы мүмкүн деген сөздүн чындыгы бар:
- Бизде чындыгы бар десек болот. Мисалы, коргошундун сууда ээрип, туз, шор пайда болот. Көлдүн ичиндеги өсүмдүктөрдүн фитобентосу азыктарын жагымсыз жыттарды алып келип, балким ошонун таасириненби деп ойлойбуз, кээ бир балырлар жээке чыгып калып атат. Мисалы быйыл байкадык, галец – ит чабак балыгынын көп саны өлүмгө дуушар болуп атат.
Ал эми Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасынын мамлекеттик экология экспертиза секторунун башчысы Тыныбек уулу Рахаттын айтымында, Нарын облусунда тоо кенине чалгындоо жүргүзүү үчүн уруксат алган 35 фирманын жетөөсү 2005-жылдан бери иш жүргүзүп жатышат:
- Азыркы убакка чейин Нарын аймактык курчап турган чөйрөнү коргоо башкармасынан каттоодон өтүп өздөрүнүн иштерин жүргүзүү тууралуу жети субъект гана бизге билдиришкен. Алардын атын айта кетсек, “Нарын голд”, “Минпротекс”, “Тенлин”, “Инвест групп”, “Лонг альфа майнинг” компаниясы, тоо кенин иштетүүчү “Ридмет” жана “”Спектр” өндүрүштүк компаниясы.
Бул жети компаниянын бешөө жаратылыш мыйзамын бузганы үчүн чоң суммадагы айып пул салынган:
- Мисалы айта кетсек, Жетимтоо кыркасында иштеп жаткан “Тенлин” жоопкерчилиги чектелген компаниянын бир нече жолу мыйзам бузганын аныктаганбыз. Чаржон участкасында өзүнүн чалгындоо иштерин жүргүзүп жатканда, жер бузуу фактысы аныкталып, Нарын райондук инспекциясы тарабынан 136 миң 500 сом доо коюлуп, азыркы күндө өндүрүлүп жергиликтүү жаратылышты коргоо фондунун эсебине түшкөн.
Аталган ишканалардын айрымдары учурда лицензиялары алынып иштебей турса, айрымдары жер кыртышын кайра калыбына келтиребиз деген кепилдик катынан башка иш баштала элек.