Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
13-Май, 2025-жыл, шейшемби, Бишкек убактысы 01:05

“Туризм сулуусу - 2008”


Туризм боюнча мамлекеттик агенттик ушул жылдын сентябрь айында эл аралык Туризм сулуусу сынагын өткөрүүнү болжоп аткан. Бирок айрым маалымат каражаттары сынактын уюштуруучусу Жон Сингх мырза бул иш-чара үчүн 3 миллион доллар сурап атканын жазышты.

Cынактын улуттук финалынын жетекчиси Виталина Борзенконун айтуусунда учурда уюштуруучулар каражат издөөдө:

- Биз азыр кызматташа турган, сынакты өткөрүүгө колдоо көрсөтчү ишкерлерди издеп жатабыз. Башкача айтканда четтен келе турган өкүлдөрдү мейманканага жайгаштырып, тамак-аш, транспорт менен камсыз кылышыбыз керек.

Виталина Борзенко ошондой эле өз сөзүндө учурда 3 миллион тууралуу сөз жок экенин, сүйлөшүүлөр боюнча бир жарым миллион сумма табышыбыз керек болчу, анын жарымын дагы “Туризм сулуусу” уюму төлөп бермек болгонун. Алар калган сумманы гана издеп жатышкандарын кошумчалады:

- Дүйнө жүзүндө мындай сынактар комерциялык түрдө өткөрүлөт жана өкмөттөн эч кандай каражат бөлүнбөйт. Андыктан бул сынак демөөрчүлөрдүн акчасына уюштурула турган иш чара. Биз болгон чоң-чоң компанияларга кайрылып, алар менен англиядан келген конокторду жолуктуруп, бетме-бет сүйлөшкөнгө мүмкүнчүлүк түзгөнбүз. Бирок тилекке каршы биздин демөөрчүлөр акчаларын башка нерсеге сарптап салгандыгынан, айрымдарынын кызыкпагандыгынан демөөрчү табыла элек. Бирок биз өзүбүздүн милдеттерибизди аткарып жатабыз, мисалы өткөрө турган “Аалам Ордо” борбору салынып жатат- деп белгиледи Туризм боюнча мамлекеттик агенттиктин жетекчисинин орун басары Айбек Молдокадыров.

Виталина Борзенконун айтуусунда эгер керектүү каражат табылбай турган болсо, анда сынакты башка убакытка жылдыруу башкача айтканда келерки же андан кийинки жылы өткөрүү тууралуу кат жолдошот.

- Эгер мындай кат жолдой турган болсок, “Туризм сулуусу” уюму Кыргызстандагы оор экономикалык абалды түшүнүп, биздин өтүнүчтү туура кабыл алат деп ойлойбуз жана эч кандай деле көйгөйлүү маселени жаратпайт.

Негизинен сынак 6-сентябрга белгиленген. Ал эми катышуучулар август айынын жыйырмасынан тарта келе башташы керек. Андыктан алар учурда Кыргызстан тараптан жооп күтүшүүдө деп билдиришти уюштуруучулар.

XS
SM
MD
LG