Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:57

11:30 Конституциялык сот Бишкек шаар кеңешинин токтому боюнча арызды 1-июлда карайт


Мындай маалымат “Кылым шамы” укук коргоо уюмунан алынды. Аталган уюмдун жетекчиси Азиза Абдрасулова жана юрист Жаныбек Сопуев Бишкек шаар кеңешинин митинг, пикет, жыйындарды өткөрүүгө чектөө салган өткөн жылдын 5-декабрда кабыл алган токтомун Конституцияга карама-каршы келет деп таануу өтүнүчү менен сотко кайрылышкан. Аталган токтом кабыл алынгандан кийин парламенттик шайлоонун жыйынтыктарына нааразылык билдирип, парламент, БШК имаратынын алдына жыйналган бир нече укук коргоочулар менен катардагы жарандар камакка алынып, соттун чечими менен айыппулдар салынган. Бишкек шаар кеңешинин ушундай маанидеги мурдагы токтомун Конституциялык сот 2004-жылы Баш мыйзамга карама-каршы келет деп жокко чыгарган.(BD)

XS
SM
MD
LG