Ал адегенде Кытайдын Сычуань провинциясына келип, быйылкы катуу зилзаладан кийинки калыбына келтирүү иштери менен таанышты. Бул аймакта 12-майдагы зилзаладан 70 миңден ашуун адам каза тапкан, дагы 5 миллионго жакыны турак-жайынан айрылып, жер которууга мажбур болгон эле. АКШ зилзаладан соң Кытайга жардам көргөзүү боюнча эл аралык аракеттерге аралашкан болчу.
Мамлекеттик катчы Кытай жер титирөөнүнүн кесепеттерин жоюу багытында көп иштерди жасаганын жана мында эл аралык коомчулук менен кызматташканын, Пекиндин аракеттери коңшу Мьянманы башкарган аскерий хунтаныкынан абдан айрымаланарын белгиледи.
Кондолиза Райс кытай бийликтери менен Пекинде өткөрүүчү сүйлөшүүлөрдө негизги көңүл Түндүк Кореянын өзөктүк программасына бурулары күтүлүүдө экендигин маалымдады.