Полициянын билдиришинче, грек улутундагы адам башында турган топ Болгариянын жалган документтерин пайдаланып Молдова, Украина жана Өзбекстандан кыз-келиндерди Грецияга жөнөтүп турган. Болгариядагы бейөкмөт уюмдардын иликтөөлөргө таянып билдиришинче сойкулук менен алектенген бул уюшкан кылмыштуу топ жылына үч миллиард долларга жакын пайда көрүп турган.