Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
26-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 03:54

Европа Биримдигине төрагалык кылуу бүгүн Словениядан Францияга өтүп жаткан маалда Биримдикте саясий кризис ого бетер курчуду


Бүгүн Польшанын президенти Лех Качински (Lech Kaczynski) Европа Биримдигинин реформаланышы тууралуу жаңы келишимге эч кол койбой турганын жарыялады. Анын айтымында, Ирландия өткөн айда референдум аркылуу Лиссабон келишимин четке каккан соң, келишимди жактыруу тууралуу сөз кылууга да болбойт. Ал эми Германиянын президенти Хорст Көхлер (Horst Koehler) болсо алиги келишимге кол коюуну кийинкиге калтыра турууну чечти. Эми немистердин Конституциялык соту Лиссабон келишими тууралуу өз бүтүмүн айтууга тийиш. Лиссабон келишими Евробиримдикке мүчө 27 өлкөнүн баары жактырганда гана күчүнө кирүүгө тийиш.

XS
SM
MD
LG