“Эркиндик” партиясынын лидери Топчубек Тургуналиев “Замандаш” партиясынын төрагасы саясий негизде камакка алынды деген пикирге макул эмес. "“Замандаш” партиясы бул бийлик менен чечкиндүү ачык күрөшкөн эмес . Буга чейин “Замандаштын” бийликке акаарат айтканы деле байкалган эмес. Анан кайдан саясий куугунтук болот? ” – дейт Т. Тургуналиев. Саясатчынын айтымында Кыргызстанда кимди болбосун жоопкерчиликке тартуу аракетине саясий боекчо берүү модага айланып барат. (EK)