Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
29-Март, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 19:34

АКШнын мамлекеттик катчысы Чехияга келет


Дүйшөмбү күнү Вашингтондо АКШнын мамлекеттик катчысы Кондолиза Райс менен Польшанын тышкы иштер министри Радослав Сикорский Американын Польшада ракетадан коргонуу системасынын айрым бөлүктөрүн орнотуу планын талкуулашты. Бүгүн Кондолиза Райс Прагага келет жана Чехияга радар станциясын жайгаштыруу тууралуу келишимге кол коет. Ошондон кийин макулдашуу Чехиянын парламентине ратификация үчүн жиберилмекчи. Орусия АКШнын Чехия жана Польшада радар станциясын орнотуу планын өзүнүн улуттук коопсуздугуна коркунуч келтирет деп эсептеп, АКШнын пландарын кескин сынга алып келүүдө.

XS
SM
MD
LG