Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 13:02

12:02 Ички иштер министрлигинин өкүлдөрү балдар укугун коргоону талкуулашты


Бүгүн ИИМ алдындагы академияда “Ички иштер кызматкерлеринин балдардын укугун коргоо боюнча ишмердүүлүгү жана жашы жете элек балдардын кылмыштуулугун алдын алуу” аттуу тегерек стол үстүндө талкуу өттү. Ага аталган министрликтин кызматкерлери катышты. Иш-чарада балдардын укуктарынын сакталышы, үй-бүлөөлүк зордукчулукка кабылган балдар менен иш алып баруу, өспүрүмдөр арасында кылмыштуулукту азайтуу өңдүү маселелер талкууланды. Бул проблемаларды чечүү үчүн керектүү мамлекеттик органдар менен коомчулук өкүлдөрүнүн бирге иш алып баруу маселеси каралды. Жыйындын соңунда анын катышуучулары өспүрүмдөрдүң кылмыштуулугуна мониторинг жүргүзүү, көчө балдарына өзгөчө көңүл буруу, өспүрүмдөр арасында түшүндүрүү иштерин жүргүзүүнү жакшыртуу боюнча программаларды иштеп чыгууну чечишти. (AiJu)

XS
SM
MD
LG