Жогорку Кеңештин депутаты Кубанычбек Исабеков жакында “Кумтөр”алтын кенин реструктуризациялоо боюнча өмөттүн 2003-жылдагы токтомуна тиешеси бар, ошол кезде жогорку кызматты ээлеп келген эки-үч кызматкерге жана “Кумтөр голд компани”, “Центерра голд компани” ишканасынын башкаруучуларына каршы кылмыш иши козголот. Ошондой эле К. Исабеков “Кумтөр” менен сүйлөшүүлөрдү жүргүзүү үчүн өкмөттүн жаңы комиссиясы түзүлгөндүгүн “Азаттыкка” билдирди. Анын курамына өкмөттүн аппарат жетекчиси Мурат Исмаилов, парламенттен Кубанычбек Исабеков, Сергей Ибрагимов, “Кыргызалтын” директорлор кеңешинин төрагасы Алексей Елисеев жана башкалар киришти.(MSu)