Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:54

7:15 “Де-факто” гезити боюнча козголгон кылмыш иши тергелип бүтүп, прокуратурага жиберилди


Биринчи май райондук прокуратура ишти бир жумадай убакта карап, аны сотко жолдойт. Бул туурасында “Азаттыкка” Качкын Булатовдун адвокаты Акин Токталиев кабарлады. Гезиттин баш редактору Чолпон Орозобекова менен “Эр айдоочу”укук коргоо бейөкмөт уюмунун жетекчиси Качкын Булатовго “билип туруп жалган маалымат тараткан” деген айып коюлууда. Кылмыш-жаза кодексинде бул айып боюнча эки жылга эркинен ажыратуу каралган. Адвокат Нина Зоотова айыпталуучулар мунапыска туура келиши ыктымалдыгын билдирди. Бул кылмыш иши аталган гезиттин 12-июндагы санына жарыяланган Замира Молдоева аттуу шаардык тургундун макаласынан улам козголгон. Макала шаардагы салык кызматындагы коррупция тууралуу болгон. (EBM)

XS
SM
MD
LG