Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 20:52

11:30 “Кылым шамы” укук коргоо борбору Таласта кыйноолор боюнча окуу өткөрөт


Бул тууралуу “Азаттыкка” “Кылым шамы” укук коргоо борборунун жетекчиси Азиза Абдрасулова билдирди. Иш-чаранын максаты, жергиликтүү элге милиция тарабынан кыйноолорго кабылбоосу үчүн укуктук сабатын жогорулатуу жана укук коргоо органдарынын бул жааттагы иштерин гумандаштыруу болуп саналат. Мындай иш-чараны Талас облусу боюнча 21-июлдан 26-июлга чейин өткөрүлүү пландалган. Буга чейин ушундай эле окутуу иштери Нарын, Ысык-Көл, Чүй, Баткен облустарында жана Бишкекте өткөрүлгөн. Эми кезекте Талас, Ош, Жалал-Абат облустары турат. Иш-чараны “Кылым шамы” укук коргоо борбору, Акыйкатчы институту менен биргеликте өткөрүүдө. (IJz)

XS
SM
MD
LG