Бул туурасында Москва районунун акими Даукен Аринов «Азаттыкка» билдирди. Анын айтымында жергиликтүү бийлик бул ишти бүгүн толугу менен ички иштер кызматкерлерине өткөрүп берди. Буга чейин Петровкадагы кытайлыктардын ишканасында болгон жарылууну акимдин орун басары Жуман Орозалиев иликтөөгө алып, бирок «Азаттыкка» маалымат берүүдөн баш тарткан. Жуман Орозалиевдин сөзүнө таянган райондун тургуну Калык Рустамов жарылуудан айрым жумушчулар жараат алганын өткөн ишенби күнү билдирген. Азырынча жараат алгандар туурасында так маалымат жок. Ал эми мыйзамсыз иштеп жаткан кытай ишканаларын жабууга жергиликтүү бийликтин күчү жетпестигин аким Даукен Аринов дагы бир ирээт баса белгиледи. Буга чейин тургундардын кайрылуусунун негизинде түзүлгөн атайын комиссия Москва районундагы жети кытай ишканасы такыр талапка жооп бербестигин айткан. (JJ)