Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
19-Апрель, 2024-жыл, жума, Бишкек убактысы 05:32

Ж.ГАЙБУЛИН: КҮЙДҮРГҮНҮ ООЗДУКТООГО АЛ ЖЕТЕТ


Айгүл Жунушалиева, Бишкек Учурда өлкөнүн түштүгүндө күйдүргү илдетине чалдыккандардын саны өсүүдө. Акыркы мааалыматтар боюнча жалпысынан 32 адам күйдүргү жугузуп алган деген шек менен ооруканага түшкөн. Алардын тогузунун диагнозу тастыкталып, бир адам өткөн жумада көз жумган. Калгандары текшерилүүдө. Күйдүргү илдети тууралуу “Азаттыктын” суроолоруна Мамлекеттик карантиндик жана өзгөчө кооптуу жугуштуу оорулар борборунун башчысы Жалалиддин Гайбулин жооп берген.

- Күйдүргү деген өзү эмне болгон илдет, ал канчалык коркунучтуу жана кандай жолдор менен адамга жугат?

- Ооба, күйдүргү кооптуу илдет. Ал адамга ооруган малдан гана жугат, адамдан адамга жукпайт. Эгерде күйдүргүгө чалдыккан малды союп, анын этин жесе киши ооруп калышы мүмкүн. Күйдүргү адамга жукса, бери дегенде ооруканага жатат, катуу кеткенде өмүр менен кош айтышат.

Күйдүргүнүн үч формасы бар. Өпкө, ичекарын жана тери формалары. Үчүнчүсү илдеттин эң жеңил түрү. Кудай жалгап бул илдетти жугузуп алгандардын баарында азырынча күйдүргүнүн тери формасы аныкталды.

- Дарттын белгилери кандай?

- Оору жуккан соң бир канча күндөн кийин тери кычышып, бармак басым так пайда болот. Андан кийин тактын тегереги карарып, адам шиший баштайт. Дене ысып, адам алсырап, башын көтөрө албай калат. Күйдүргүнүн алгачкы белгилери ушулар.

- Бул илдетти жугузуп албоо үчүн эмне кылуу керек?

- Малды сөзсүз түрдө ветеринарларга текшертип, күйдүргүгө каршы вакцина сайдыруу керек. Эгерде мал кандайдыр бир илдетке чалдыгып калганы байкалса, дароо мал доктурга кайрылуу зарыл. Тилекке каршы түштүктө мен айткандарды жасабай туруп эле малды союп таштап атышпайбы. Аларды деле бир эсе түшүнсө болот, мал ооруп калганын сезип, өлүп кала электе эптеп аны акча кылып алалы дешкен да. Бирок эч убакта мындай тобокелге барууга болбойт. Бул өтө кооптуу.

- Эгерде малдын күйдүргү менен ооруганы билинсе, эмне кылуу керек? Малды өрттөп, көмүп салуу керек дешет го?

- Туура, эгерде ушундай шек болсо, анда санитардык жана ветеринардык эрежелер менен малды өрттөп туруп, тереңирээк көмүп салуу зарыл. Мал союлган жерди тазалап, бетондоп салуу керек. Малдын эти, териси, ич эти эч убакта пайдаланылбашы керек.

- Учурда күйдүргү илдетин жугузду деп шектелгендер тууралуу күн сайын эле маалыматтар түшүп жатат, абал курчуп кетет деген коркунуч жокпу? Керектүү кызматтардын күйдүргүнү ооздуктоого алы жетеби?

- Мен калкты тынчытып койгум келет. Учурда күйдүргү күчөп кетпеши үчүн бардык чаралар көрүлүп жатат. Ветеринария, медицина кызматтары илдет чыккан жерде лабораториялык иштерди жүргүзүп, үймө-үй кыдырып түшүндүрүү иштерин жүргүзүп жатышат. Андыктан кооптонууга негиз жок.

XS
SM
MD
LG