Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:10

17:30 Жалал-Абат облусунда 8 адамга күйдүргү жуккан


Облустун Кочкор-Ата шаардык ооруканасында күйдүргү жугушу мүмкүн деген шек менен ушул тапта 19 адам дарыланууда. 5-июлдан бери ооруканага түшкөн 23 кишинин алтоосу күйдүргүгө чалдыкканы лабораториялык жактан аныкталды. Мындай маалымат бүгүн оорукананын жугуштуу оорулар бөлүмүнүн башчысы Зуура Макамбаевадан алынды. Анын айтымында кесел мал сойгондо жуккан. Ооругандардын арасында балдар жок, шектелгендердин экөөсуүнүн абалы орточо, калгандары жакшы. Сузак райондук санитардык көзөмөлдөө борборунун баш дарыгери Тыныбек Жоробаев райондук ооруканада жаткан төрт кишинин экөөсүнөн Сибирь жарасы такталганын ырастады. Белгилүү болгондой алардын атасы 78 жаштагы карыя 10-июлда күйдүргү дарты менен ден-соолугунун начардыгынан каза тапкан. (YA)

XS
SM
MD
LG