Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 21:01

17:10 Сот Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө тийиштүү деп тапкан эки адамды 20 жылга кести


Бишкектин Свердлов райондук соту бүгүн Махмут Рузиметов менен Сабыр Батыровду Жогорку Кеңештин депутаты Баяман Эркинбаевдин өлүмүнө тийиштиги бар деп таап, экөөн тең 20 жылга эркинен ажыраткан өкүм чыгарды. Ошентип 7 айдан ашуун убакытка созулган бул иш бүгүн аягына чыкты. Тергөөнүн жыйынтыгында депутат Баяман Эркинбаевди чеченстандык Султан Абалаев атып өлтүргөнү, Рузиметов менен Батыров ага көмөктөшкөнү айтылат. Бул окуяга шектелген Рузиметов менен Батыров 2005-жылдын сентябрында камакка алынып, Султан Абалаевге издөө жарыяланган. Бул ишти Свердлов райондук соту 2006-жылы карап, эки айыпкерди өлүм жазасына кескен эле. Бирок Жогорку Сот бул чечимди жокко чыгарып, ишти кайра тергөөгө жиберген болчу. Жабыркаган тараптын адвокаты Икрамидин Айткулов сот өкүмүн жазуу түрүндө колго алмайын комментарий бере албастыгын “Азаттыкка” билдирди.

Жогорку Кеңештин ошол кездеги чакырылышынын депутаты Баяман Эркинбаевди 2005-жылдын 21-сентябрында Бишкектин Гоголь көчөсүндөгү үйүнүн жанында белгисиз бирөөлөр атып кетишкен эле. (SM)

XS
SM
MD
LG