Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 11:22

Тажикстан өткөн жылдагы Жогорку соттогу жардыруу боюнча Өзбекстанды айыптады


Тажикстандын Жогорку соту өткөн жылы Дүйшөмбү шаарында орун алган жардырууга коңшу Өзбекстандын тикелей тиешеси бар деп билдирди. Судья Насратулла Абдуллоевдин айтымында, Өзбекстандын чалгын кызматтары Тажикстандагы стабилдүүлүктү бузуу үчүн кол салууну уюштурган Комилжон Ишенкуловго көрсөтмө берген. Расмий Ташкент бул айыптоолорго азырынча жооп кайтара элек. Өткөн аптада сот чечими менен Ишенкулов 22 жылга эркинен ажыратылган. 2007-жылы Тажикстандагы Жогорку соттун имаратындагы жардырууда эч ким жабыркаган эмес.

XS
SM
MD
LG