Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 05:37

13:40 К.Бакиев: Москвага сапар өтө натыйжалуу жана ийгиликтүү болду


Президент Курманбек Бакиевдин Москва сапарынын жыйынтыгы боюнча билдирүүсүнө караганда, анын Москвада Дмитрий Медведев менен сүйлөшүүсүнө премьер-министр Владимир Путин да катышкан. К.Бакиевдин айтымында, сүйлөшүүдө Кыргызстандын Россияга тышкы карызын кечүү боюнча тийиштүу иштерди баштоону макулдашылды. Андан сырткары жакын арада жогорку деңгээлде жумушчу топ түзүлүп, ал Кыргызстан экономикасына инвестиция салуу маселесинин үстүнөн иш баштайт. Кыргызстан Россия тарабынан Камбарата-1, Камбарата-2 ГЭСтерине инвестиция салынуусуна кызыкдар болууда. Бул сунуш Россиянын президенти жана премьер-министри тарабынан колдоо тапкан. Кыргызстан ошондой эле “Кыргызстан” авиакомпаниясы менен “Аэрофлоттун” биргелешкен ишкана тузүүсүн, мунай жана газ тармагына да орус инвестициясын тартуу маселесин сунуштап, Москванын колдоосун алган. Тараптар ошондой эле Кыргызстандын айыл чарбасынын кайра иштетүү тармагын инвестициялоо боюнча да орток пикирге келишкен. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан бүгүн кабарлашты. Курманбек Бакиев 16-июлда Москвада бир күндүк иш сапар менен болгон эле.(AiT)

XS
SM
MD
LG