Дин иштер боюнча мамлекеттик агенттиктин башчысы Каныбек Осмоналиев мындай пикирин бүгүн “Азаттыктагы” маегинде билдирди. Айрым аймактарда, үй-бүлөлөрдөгү араздашуулар, жаңжалдар дал ушул дин которуудан чыгып жатканын кошумчалады. “Мамлекет динден бөлүнгөн деп Конституцияда жазылганы менен, мындай иштерди өкмөт чечүүгө аргасыз болуп жатат”, деди К. Осмоналиев. Кыргызстан адамдын дин тутуу эркиндиги боюнча жалпы декларацияга кол койгону менен бул жерде элдин менталитетин эске алуу зарыл экенин баса белгиледи. (EBM)
13:45 Кыргызстанда бир динден башка динге өтүү көрүнүшү коом туруктуулугуна шек келтирүүдө