Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 12:02

18:45 Ысык-Көлдө карышкырлар кашарга кол салды


Ысык-Көл районундагы Балык айылындагы кашарга карышкырлардын тобунун кол салуусу тууралуу райондогу ветеринардык кызмат маалымат берүүдөн баш тартты.
Ананьево айыл өкмөтүнө караштуу Балык айылчасында Мундузбай атуу чабандын короосуна 10дой карышкыр тийип, кырктай жандыкты жана эки бодо малды кырып кетти. Карышкырдын үйүрү дагы ондон ашык койду бөлүп жатканда Мундузбай аксакал алып калууга аракет үрөсө, ага тиш салып качырган. Жергиликтүү эл айылдын четине келген карышкырлардын минтип адамдан айбыкпаганынан чочулап жатат. Эдил аттуу тургундун “Азаттыкка” маалымдаганына караганда, кутурган карышкыр болушу мүмкүн. Бирок, адистер аны тактай элек. Учурда ветериналар да эч бир изилдөө иштерин жүгүзгөн жок. Кутурган карышкырларбы эч ким билген жок. Администрацияга нааразычылык билдирип жатышат.
Бул боюнча Ысык-Көл райондук ветеринардык кызматтын башчысы Жолочу Касымбеков, Ананьева айыл өкмөтүнүн башчысы Алмабек Рыспаев ачыктоодон баш тартышты. (RB)

XS
SM
MD
LG