Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
1-Сентябрь, 2024-жыл, жекшемби, Бишкек убактысы 11:30

Ж.ЖОРОБЕКОВ: “БИРДИКТҮҮ КЫРГЫЗСТАНДЫН” ИШИНЕН НАТЫЙЖА ЧЫГЫШЫ КҮМӨН


Маектешкен Шайырбек Эркин уулу, Бишкек Өткөн жумада “Бирдиктүү Кыргызстан” аттуу коомдук-саясий кыймылы билдирүү таратып, үч жыл мурда алмашкан бийлик эл үмүтүн актабаганы, бөлүп-жаруу саясаты уланып жатканын белгиледи. Кыймыл ошондой эле бийликтен тез арада азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча зарыл чараларды иштеп чыгууну талап кылып, өлкөнү кыйынчылыктан чыгаруу боюнча бийликке жардам берүүгө даяр экенин да билдирүүдө. “Азаттыктын” таңкы маектеринин биринде ушул кыймылдын билдирүүсүнүн тегерегиндеги суроолорго саясат таануучу Жолборс Жоробеков жооп берди.

- “Бирдиктүү Кыргызстан” кыймылынын мындай билдирүүсүн кандай бааладыңыз, дегеле анда айтылган жүйөөлөр канчалык негиздүү?

- Албетте, мындай кыймылдардын, бирикмелердин түзүлүшү мыйзам ченемдүү көрүнүш. Бирок бир жери бар, ээрден шыпырылган мурдагы аткаминерлер баары чогулуп алып, эми азыр биз энергетика, азык-түлүк коопсуздугуна байланышкан маселелерди чечүү боюнча жардам берет элек, сунуш айтат элек, тигиндей-мындай кылат элек дегени мага анчалык жаккан жок. Анткени алардын баарын кыргыз эли өңүнөн тааныйт, буга чейин айткан сөздөрүн, жасаган иштерин билет. Ошол кишилер кызматта турган мындан беш жыл мурда да, он жыл мурда да ушундай эле абалда болчубуз. Эмне үчүн азыр айткандарын ошол кызматта турганда жасашкан эмес алар? Мен бул кыймыл элден колдоо табаарына ишенбейм жана кыймылдын иши кандайдыр бир натыйжа берет деп ойлобойм.

- Жогоруда айтылгандай, кыймыл өлкөнү кыйнычылыктан чыгаруу боюнча өз сунуштарын бийликке билдирүүгө ниеттенип жатканын айтууда. Сиздин оюңузча, бул кыймылдын сунуштарына кандайдыр бир көңүл буруулар болушу мүмкүнбү, азыркы бийлик тараптан?

- Мындай сунуштарга албетте өкмөт, бийлик тараптан көңүл бурулушу керек. Бир жакшы ой, сунуштар болсо эмне үчүн кабыл алынбашы керек. Андай жаңы сунуштар болсо кабыл алып, ошонун тегерегинде кандайдыр бир иш жүргүзсө болот. Бирок менимче булар баягы эле эски ыр, эски жомокторун айтып, ал ишеним туудураарына анча ишенбейм.

- Бул кыймылдын башында тургандар, мындай сунуштар бийлик тарабынан кабыл алынбаса элге чыгаарын айтышууда. Ошол эле учурда оппозициялык кыймылдар, башка партиялар тарабынан бул кыймылдын сунуш, демилгелери канчалык колдоо табышы мүмкүн?

- Элге чыгабыз, анан антебиз-минтебиз деп, элдин атынан сүйлөгөн туура эмес. Бийлик көңүл бурбай атат, биз элге чыгабыз деп анан базардагыларды же башка кишилерди көчөгө жалдап алып чыгуу бул маданиятсыздык. Бизде азыр өз программасы бар конструктивдүү оппозиция болушу керек.

Оппозициянын бул кыймылга мамилеси тууралуу сөз кылсак, менимче башынан бери оппозициялык позицияда жүргөн инсандар тарабынан бул кыймылдын демилгеси анча деле кабыл алынбаса керек. Себеби бул кыймылды уюштургандар кечээ эле бийликте турганда ошол адамдар дагы эле оппозицияда болчу да.

Анан азыркы оппозициянын катарында кечээ эле бийликтен шыпырылып калып, же депутаттыкка жетпей калган адамдар бар да. Мына ушулар бул кыймылга кошулушу, тартылышы ыктымал. Канткен менен биздин оппозиция азыр бир топ кыйын абалда. Анткени оппозиция дагы улам жаңы чектерге, жаңы тепкичтерге чыгып турушу керек. Ал үчүн опозициянын кадыр-баркы болуш керек, каражаты болуш керек.

Биздин оппозициядагы айрым жигиттердин ысымдары элге аттын кашкасындай таанымал болгону менен жетиштүү каражаты жок. Акчасы бар, бай делгендердин көпчүлүгүнүн болсо башкаларда эмес, өз айылы, районунда да кадыр-баркы жок. Себеби алар учурунда жылтыраган, көзгө көрүнгөн нерсенин баарын сатып, менчиктеп алышкандар да...

-Маегиңизге ырахмат.

XS
SM
MD
LG