Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
20-Апрель, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 00:19

9:45 Бүгүн тышкы иштер министри Эднан Карабаев Дүйшөмбүдөгү жыйынга катышканы кетти


Бул тууралуу билдирген аталган министрликтин басма сөз кызматынын маалыматына караганда Дүйшөмбү шаарында Шанхай кызматташтык уюмуна мүчө мамлекеттердин Тышкы иштер министрлер кеңешинин кезектеги кеңешмеси болот. Анда ШКУнун соода-экономикалык кызматташуу боюнча программасынын аткарылышы жөнүндө ШКУнун баш катчысынын доклады угулат. Ошондой эле эл аралык актуалдуу маселелер тууралуу пикир алышуулар, аймакта ШКУнун кызматташтыгын арттыруу жана коопсуздугун чыңдоо маселелери каралат. Кеңешменин соңунда ШКУнун ТИМК 28-августта Дүйшөмбүдө өтүүчү ШКУга мүчө мамлекеттердин башчыларынын кеңешмесинин күн тартибин бекитүү сыяктуу бир катар документтерге кол коюлат. ШКУ секретариатынын өткөн жыл үчүн отчетун бекитүү тууралуу чечим кабыл алынат. (AJ)

XS
SM
MD
LG