Жалал-Абат облусундагы Достук айыл өкмөтүнүн Өзбекстан менен чектешкен Достук айылында 20 үйбүлө жашайт. Айыл өкмөттүн башчысы Маматисак Дооронкуловдун түшүндүрмөсүнө караганда, коңшу мамлекет менен айылдын ортосун арык бөлүп турат.
4-июнда айылда жашаган кыргыз жараны Абдрахманов Хабибулла өзү эккен төрт түп талды кыйып жаткан өзбек чегарачыларын көрөт да, алардан Кыргызстанга тиешелүү дарактарды кескенге кандай укугу бар экендигин сурайт. Бирок өзбек чегарачылары жооп берүүнүн ордуна аны өз өлкөсүнө зордук-зомбулук менен алып кетишет. Эртеси анын дайынын сураганы барган аялы Ташмурзаева Наимаханды да Өзбекстандын Үч-Коргон райондук ички иштер бөлүмүндө кармап, отургузуп коюшкан.
Жубайларга чек араны мыйзамсыз кесип өткөн жана мамлекеттик кызматкерге кол көтөргөн деп айып тагылып, Үч-Коргон райондук соту Хабибулла Абдрахмановду беш жарым жылга, Өзбекстандын жараны болгон анын аялы Ташмурзаева Наимаханды алты жарым жылга эркинен ажыратты деген маалыматты биз ал жакка жиберген өкүлдөрдөн уктук, деди Маматисак Дооронкулов.
- Он беш күнгө дешиптир. Он беш күн эмес он тогуз күндө да чыккан жок. Кайра иш каралып жатыптыр. Үч күндөн кийин соту болот экен деди. Соттун чечими менен аялы алты жарым жылга, күйөөсү беш жарым жылга камалып, ошол Үч-Коргон сотунан Наманган облустук убактылуу кармоочу жайга алып кетиптир. Жыйырма төртүндө облустук сотто кайра каралат. Чегарада ушул убакка чейин талаш-тартыш болгон эмес. Коңшулар менен ынтымакта кирип-чыгуу болуп эле келген. Ал жерде бир арык чегара болуп турат. Ары жагында да Кыргызстандын жери бар. Сегиз гектар. Өзбекстандын чегарачылары өзүбүздүн эле аймактан кармап, чегараны бузуп өттү деген айып тагып жатышат.
Маматисак Дооронкуловдун кошумча билдиргени боюнча Өзбекстанда турган жубайлардын адвокаты аппеляциялык арыз менен Наманган облустук сотуна кайрылган. Айылдын аталган эки жашоочусунун иши 24-июлда ошол сотто каралышы ыктымал. Алардын тууган-уруктары менен айыл тургундары, аксакалдар экөөнүн жазасын жеңилдетүү жагын өзбекстандык соттордон расмий түрдө өтүнүшкөн.
Көз каранды эмес байкоочулардын пикири боюнча коңшу өлкөлөрдүн арасындагы жергиликтүү жаңжалдар чек ара аймактары толук такталбай жана кайтарылбагандыктан болуп жатат. Өзбекстан кармап кеткен кыргыз атуулдарынын укугун коргоо маселесине жетиштүү көңүл бурулбайт жана өзбек кызматтары кыргыз жеринде өздөрүн ээн-эркин сезишип, шектүү адамдары оңой кармап алышат.
Өзбек чек арачылары ушул жылдын 2-июнунда Достук айылынан Абдрахманов Файзулла аттуу адамды кармап кетишмекчи болгон. Ошондо айыл тургундары аны бошотуп алып, өзбек жоокерлеринин эки автоматын алып, Ноокен райондук ички иштер бөлүмүнө тапшырышкан болчу. Өзүн атагысы келбеген расмий адамдардын оюна караганда, өзбек чегарачылары ошол курал-жарактарды кайтарып алуу максатында Абдрахманов Хабибулланы кармашы мүмкүн.
Облустун аталган эки жашоочусун кайтарып алуу максатында губернатордун аты менен республиканын Тышкы иштер министрлигине кат жөнөтүлгөн. Тышкы иштер министрлигинин Жалал-Абат облусундагы өкүлү Замирбек Садиров бул тууралуу буларга токтолду.
- Биз Тышкы иштер министрлигине кат жөнөткөнбүз. Аларды бошотуп алуу жөнүндө. Атайын дипломатиялык каналдар аркылуу жарандарды кайтарып алуу боюнча баардык негиздерди коюп кат даярдап жөнөткөнбүз. Азырынча жообу келе элек.