Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
27-Июль, 2024-жыл, ишемби, Бишкек убактысы 07:15

Киев Орусунун чокунганынын мааракеси өттү


Украинада Киев Орусунун чокунганынын 1020-жылдык мааракесине арналган салтанаттын алкагында Константинополдук православ чиркөөсүнүн башчысы, патриарх Варфоломей Биринчи жана Бүтүн Орусиянын православ чиркөөсүнүн башчысы патриарх Алексий II жолугушту. Патриарх Варфоломейдин айтымында, тараптар ортодогу бардык талаштуу маселелер боюнча диалог керек экендигине токтолушту. Алексий II болсо маселелерди чечүү үчүн эки чиркөө тарабынан атайын делегация түзүлөөрүн айтты. Киев орусунун чокунган күнүн майрам катары расмий белгилөө жөнүндө Украинанын президенти Виктор Ющенко Жарлык чыгарган. Ага ылайык Украина Киев орусунун чокунганын 28-июлда биринчи жолу майрамдап жатат.

XS
SM
MD
LG