Линктер

ЧУКУЛ КАБАР!
25-Апрель, 2024-жыл, бейшемби, Бишкек убактысы 19:40

14:52 Кыргызстандын бардык авиакомпаниялары Еврокомиссиянын кара тизмесине кайрадан кирди


Еврокомиссияга кирген мамлекеттердин аймагында учууга тыюу салган “кара тизмеге” Кыргызстандагы 22 авиакомпаниянын баары кирди. Ага учактардын коопсуздукту сактоо талаптарына дал келбегендиги башкы себеп болду. “Эсенэйр” авикомпаниясынын президенти, депутат Бегалы Наргозуев “Азаттыкка” бул Кыргызстандын граждандык авиация боюнча департаментинин шалаакылыгынан улам болду, себеби өлкөдөгү учактарды ушул департамент гана текшерүүдөн өткөрүп, анын жыйынтыгын Еврокомиссияга берген деп билдирди. Ал эми Граждандык авиация департаментинин директору Алик Аскаров мындай маалыматты четке кагып, учактар Еврокомиссиянын коопсуздук талаптарына жооп бербегендиктен “кара тизмеге” алынды деп билдирди. Анын айтымында, мындай көрүнүш авиаучактардын коопсуздугун талап кылган укуктук-нормативдик документтердин жоктугу жана талаптарды авиакомпаниялардын билбестигинен келип чыкты. Анткени, лицензиясы бар 22 компаниянын бир да самолету техникалык жактан коопсуздук талаптарына жооп бербейт, эгер авиакомпаниялар учактарынын сапатын арттыра турган болсо Еврокомиссиянын 3 айда бир жаңыртылуучу тизмесинен алынат деп белгиледи. Кыргызстандагы 22 авиакомпаниянын азыр 13ү гана иштеп, калгандары токтоп турат. (BD)

XS
SM
MD
LG